Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары эс алуучу аймакка кирген жер тилкесин мыйзамсыз менчикке беришкен. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктуу каттоо башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге сүйлөшүп алышып, 11 жер тилкесин менчикке беришкен. Ошондой эле ал жер тилкелери ээсинин макулдугу жок башка үчүнчү жакка сатылган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.