Таласта жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутуп, 1 миллион сом акча каражатын карактап кеткендер кармалышты

Таласта жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутуп, 1 миллион сом акча каражатын карактап кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Э.Кожокеева аттуу тургун кайрылган. Анда ал 28-ноябрь күнү белгисиз үч адам тапанча менен коркутуп, 1 миллион сом акча каражатын карактап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары эки жаран кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан