Кыргызстандын 7 футболдук клубу 2015-жылкы өлкө чемпиондугуна катышуу укугун расмий түрдө алышты

Бүгүн, 9-декабрда КРнын Футбол федерациясынын имаратында 2015-жылкы өлкө чемпиондугуна (ТОП-Лига) катыша турган командаларга лицензия тапшыруу аземи болуп өттү. Анда 2015-жылы футболдук мелдештерге катышуу укугун берген бул лицензияны жалпысынан 7 футболдук клуб алды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Азия футбол конфедерациясынын стандартына ылайык атайын катталган клубдардын тизмеси төмөнкүчө:

“Дордой” (Бишкек)

“Абдыш-Ата” (Кант)

“Алга” (Бишкек)

“Алай” (Ош)

“Ала-Тоо” (Нарын)

“Нефтичи” (Кочкор-Ата)

“ФЦ” (Бишкек)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jugorsk
2014-12-09 16:29:24
Куршабтын алдиерине лицензия алалбай калдыбы
+2
as.fanat
2014-12-09 16:37:10
jugorsk, ...мага дагы ошол суроо кызык болуп калды*
0
tairbek.
2014-12-09 16:54:17
менин оюмча булар дуйнолук чемпионатка катышабы Эми?
0
Ruslan_d
2014-12-09 20:53:32
Каякта андай болсо кана, ички чемпионатка эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан