Бүгүн, 10-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычы жыйынтыкталат. 6-тур оюндарынын алкагында каталондук “Барселона” тайпадан биринчи болуп чыгуу үчүн Франциянын чемпиону ПСЖ менен беттеш өткөрөт. Ушул сыяктуу эле кармаш “Е” тайпасында орун алат. Анда италиялык “Рома” өз үйүндө Англиянын чемпиону “Манчестер Ситини” кабыл алып, кийинки баскычка чыгуу аракетин көрөт.
“Е” тайпасы
“Бавария” (Германия) - ЦСКА (Орусия)
“Рома” (Италия) – “Манчестер Сити” (Англия)
“F” тайпасы
“Барселона” (Испания) - ПСЖ (Франция)
“Аякс” (Голландия) - АПОЭЛ (Кипр)
“G” тайпасы
“Челси” (Англия) – “Спортинг” (Португалия)
“Марибор” (Словения) – “Шальке” (Германия)
“H” тайпасы
“Порту” (Португалия) – “Шахтёр” (Украина)
“Атлетик” (Испания) - БАТЭ (Беларусь)