10-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычы толугу менен жыйынтыкталып, плей-офф баскычына чыккан командалар белгилүү болду. “F” тайпасында кийинки баскычка биринчи болуп чыгуу үчүн “Барселона” менен ПСЖ өз ара кез келип, каталондуктар утуп алышты. “Е” тайпасында болсо италиялык “Рома” өз үйүндө Англиянын чемпиону “Манчестер Ситиге” утулуп, кийинки баскычка чыга албай калды.
“Е” тайпасы
“Бавария” (Германия) - ЦСКА (Орусия) – 3:0
Голдор: Мюллер (18-мүнөттө, пенальти), Роде (84), Гётце (90).
“Рома” (Италия) – “Манчестер Сити” (Англия) – 0:2
Голдор: Насри (60-мүнөттө), Сабалета (86)
“F” тайпасы
“Барселона” (Испания) - ПСЖ (Франция) – 3:1
Голдор: Ибрагимович (15-мүнөттө), Месси (19), Неймар (42), Л.Суарес (77)
“Аякс” (Голландия) - АПОЭЛ (Кипр) – 4:0
Голдор: Шёне (45-мүнөттө, пенальти), Шёне (50), Классен (53), Милик (74).
“G” тайпасы
“Челси” (Англия) – “Спортинг” (Португалия) – 3:1
Голдор: Фабрегас (8-мүнөттө, пенальти), Шюррле (16-мүнөттө), Силва (50-мүнөттө), Микел (56).
“Марибор” (Словения) – “Шальке” (Германия) – 0:1
Гол: Майер (62-мүнөттө).
“H” тайпасы
“Порту” (Португалия) – “Шахтёр” (Украина) – 1:1
Голдор: Степаненко (50-мүнөттө), Абубакар (87-мүнөттө).
“Атлетик” (Испания) - БАТЭ (Беларусь) – 2:0
Голдор: Сан-Хосе (47-мүнөттө), Сусаета (88-мүнөттө).
Плей-офф баскычына чыккан бардык командалардын тизмеси:
1-орунду ээлеп чыккан командалар: “Атлетико” (Испания), “Реал” (Испания), “Монако” (Франция), “Боруссия” (Германия), “Бавария” (Германия), “Барселона” (Испания), “Челси” (Англия), “Порту” (Порту)
2-орунду ээлеп чыккан командалар: “Ювентус” (Италия), “Базель” (Швейцария), “Байер” (Германия), “Арсенал” (Англия), “Манчестер Сити” (Англия), ПСЖ (Франция), “Шальке-04” (Германия), “Шахтёр” (Украина)