Бишкекте 25-январдан 3-февралга чейин спорттун тогуз коргол түрү боюнча мелдеш өттү.
Мелдешке 98 спортчу катышты. Мында эркектер арасында Анарбек Жамакеев, Кубан Сазаев, Рамил Эрнисов, аялдар арасында Элвира Кудайбергенова, Жаза Раимбекова жана Элмира Кудайбергенова жеңүүчү болушту.
Аталган жеңүүчүлөр тогуз коргол боюнча Бишкек шаарынын курама командасына кошулуп, февраль айынын аягында өтүүчү өлкө Кубогуна катышат.