Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы Орусияда өтө турган Евразия кубогуна даярданууда

Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Орусиянын Сочи шаарында 20-29-декабрь аралыгында өтө турган Евразия кубогуна даярданууда. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш “Хоккей жомогу” деген аталышты алып жүрөт.

Кыргызстан курамасына 100 спортчудан иргелип, 22 спортчу кирди. Шаардык муз аянтында машыгуу сборунан өтүп жаткан курам 20-декабрда мелдешке катышуу үчүн жөнөп кетет.

Кошумчалай кетсек, мелдешке Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Латвия, Крым курамалары жана орусиялык “Ермак”, “Русь”, ЦСКА, “Ак-Барс”, “Локо-04”, “Металлург”, “Серебряные львы” клубдары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан