Нарын облусунда жарандар күзүндө суунун нугун жаппай койгондугу үчүн суу каптоолор болууда. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылында 9-декабрь күнү саат 10:00дө Чоң-Нарын жана Кичи-Нарын дарыяларында бийиктиги 2-2,5 метрден 5 метрге чейин муз топтолуп, Ак-Тал сайынан аккан суудан 17 турак жайга суу каптоо коркунучу жаралган. Ошондой эле Кара-Бүргөн айылындагы Калчабаев көчөсүнүн Төш-Булак аймагын суу каптап, жергиликтүү калктын күч-аракети менен суу коопсуз аймакка бурулду.
Нарын районундагы Куланак айылында болсо 11-декабрь күнү саат 11:00 чамасында Куланак сайына муз топтолуп, айылдагы 4 турак жайдын короосунун сыртын суу каптап, муз тоңгон. Жергиликтүү тургундар тарабынан сууну бөгөө иштерине 130 даана кап топурак сарпталып, саат 15:00дө жээк бекемдөө иштери аяктады. Мунун да себеби күз мезгилинде чарбалык максаттары үчүн бурулуп алынган сугат арыгы аркылуу суу алышып, каналдын башын жаппай коюшканы менен байланыштуу. Учурда аталган айылдарда абанын температурасы -25.. -30 градус болгондуктан, сууну калыбына келтирүү кыйын болууда.
10-декабрда Нарын райондук жарандык коргонуу комиссиясы кырсык болгон жерге барып, сууну бөгөө үчүн 30 даана кап берилип, саат 19:00дө жергиликтүү калк тарабынан сууну өз багытына буруу иштери жүргүзүлгөн. Бирок абанын температурасынын төмөндүгүнөн улам 11-декабрь күнү бөгөлгөн аймактардан кайра суу каптап кетүү коркунучу жаралгандыктан, ӨКМнын Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигинин Нарындагы бөлүмү тарабынан кошумча дагы 100 даана кап бөлүнүп берилди. Аталган иш-чарага айылдык аймактан 11 киши, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана башка мекемелерден 10 адам тартылып, саат 15:00дө жээк бекемдөө иштери аягына чыкты.
Жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы суу каптоо болгон аймактарда жана башка ушул сыяктуу кооптуулугу бар жерлерде байкоо иштерин жүргүзүүдө.