Бүгүн түнү өлкөнүн түштүк аймагында 2 жолу жер силкинди

Бүгүн, 12-декабрда түнү Кыргызстандын түштүк аймагында 2 жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, саат 02:42де очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө Ичке-Сай айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Кайрат айылынан 9 чакырым түштүктү карай, Өзгөн шаарынан 25 чакырым түштүк-батышта орун алганКалктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

Экинчи жер титирөө саат 03:57де катталган. Анын жогорку күчү Ош облусунун Алай районундагы Көк-Суу айылында 4 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин жеткен. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
albin
2014-12-12 12:48:45
кудай сактай кор. баардыгыбыз тынч бололучу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан