Борбордо милиция алдамчылык фактысына шектелип кармалган кыздан жабыркагандар болсо кайрылууну өтүнөт

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылык фактысы боюнча кармалган 21 жаштагы Нурдин кызы Жазгүл аттуу кыздан жабыркаган жарандар болсо милицияга кайрылууну өтүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине арыз менен 19 жаштагы П.Ксения аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ага чала тааныш кыз "бирге батир алып жашайбыз" деп алдап, анын ишенимине кирип, 17 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Нурдин кызы Жазгүл кармалды. Учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.

Бул кыздан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерлери боюнча байланыша алышат: 0554 10-23-21, 0554 10-21-92, 0551 10-27-74. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
edu.kg
2014-12-12 13:20:07
Жапжаш бир жакшынакай кыз экен. Келечекте эне аталатурган адам,тиги жакка тушуп таптакыр бузулуп чыгат эми
0
lusi2013
2014-12-12 13:22:24
Кебетенен келгир
0
aziko88
2014-12-12 14:13:32
Ээ аллах тобоо кылдым,не заман жапжаш кыз
0
ALIK-BRO
2014-12-12 16:07:46
Ар баля кылгыла еч кими жок болсо туболук камап ийгиле Депутаттар менен Чорныйлардын дагы кылмышын мойнуна илип жок кылып ийгиле алынар жетет го. Тоообаа кичине бир кызды кармап алып иштеп атабыз деп мактанганыбы. Чыгарбай еле койсонор не болот балким бир кун эсине келип онолмок эми кайдан. Эл корду кылмышкер атка конду чыкканда мындан чонун жасайт.
+4
Fili-07
2014-12-13 18:25:36
ALIK-BRO,биздин прокуратура ушундай ишенген домкраты жок,алсыз адамдардын суротун уялбастан кылмышкер деп чыгарып коет.Адам олтургон,аялдарды,кыздарды зордуктаган айбандарды,каракчыларды,уруларды чыгаруудан коркушат.Суротун тартып,козун жаап коюшат.Бизде кундо зордуктоо болуп жатат,деги биздин эркектер не болуп жатышат?
0
ooki8888
2014-12-16 19:36:38
Fili-07, 100-пайыз кошулам.
0
Nurmuhammad
2014-12-12 16:15:23
Эми муну турмодо да жон коюшпайт. Жаман иш болуптур да.
0
Alicia
2014-12-12 18:15:36
Mossovet,Gogol kochosundo da ushul kyz tengduu bir kyz daiyma meni marshrutkada tonop ketishti maga jol kire berip koiunguzchu dep elderdi aldap jurot maga uch jolu keldi birinchisinde ishenip 50 som bergen elem, eng kyzygy senin janynga kelgende yilamsyrap surait al kyz aktrisa bolso jakshy bolmok, akyry utushtum," kandai uiatyng jok maga 3-jolu kelip atasyng" dep bat battan basyp ketip kaldy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан