Нарын шаарындагы Качкынов көчөсүндө жайгашкан Облустук ооруканасында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен облустук оорукананын жалпы аянты 3 чарчы метрди түзгөн сырткы жыгач дубалы күйүп кетти. Өрттүн чыгуусуна отко карата этиятсыздык себеп болгон. Өрт кырсыгы саат 15:03тө башталып, 15:35те толугу менен өчүрүлдү.