Өткөн суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, Бишкектеги унаа тетиктерин сатуучу базарда контейнер өрттөнүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 12-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы П.Лумумба көчөсүндөгү “Кудайберген” базарында өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен контейнердин ичиндеги 15 чарчы метр аянттагы унаа тетиктери толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Балыкчы шаарындагы аянты 20 чарчы метрди түзгөн жыгач сарай толугу менен күйүп кетти. Учурда сарайдын ээси жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан