Борбор калаада “жашы жете элек кызды зордуктаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине арыз менен 19 жаштагы З.Султанбек аттуу тургун кайрылган. Анда 10-декабрь күнү саат 16:30 чамасында Үмүт көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Мелис аттуу чала тааныш жигит 16 жаштагы А.Минураны зордуктаганын айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 23 жаштагы М.Мелис аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.