Бишкек жана Чүй облусунун аймагындагы футболдук клубдардын катышуусундагы Кышкы биринчилик 15-январда старт алат. Ага өлкө биринчилиги – ТОП-Лиганын жана Биринчи Лиганын каалаган бардык командалары катыша алат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Кантта өткөн биринчиликте “Абдыш-Ата” футболдук клубу жеңүүчү аталган.