Бишкек шаарындагы 6-кичи районунда 11-ноябрь күнү жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу 72 жаштагы жаранды сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен, ал эми жабырлануучу М.Аскерали ооруканага жаткырылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында 10-декабрь күнү Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан SsangYong Musso үлгүсүндөгү унаанын 47 жаштагы Б.Марат аттуу айдоочусу кармалды. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга жайгаштырылып, бул иш боюнча чогултулган материалдар Тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.