Түркиядан келген дары-дармектер боюнча кылмыш иши козголду

Түркиядан келген дары-дармектер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 12-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын март айында “Манас” аэропортуна Түркиядан 120 килограмм дары-дармек келген. Аны Бажы кызматынын инспектору О.С.К. “БТС” ишканасынын кампасына чейин коштоп барышы керек эле. Бирок ал барган эмес. Мындан улам дары-дармектер белгисиз тарапка жеткирилген. Ошондой эле дары-дармектер тиешелүү бажы процедураларынан өткөн эмес.

Учурда бул боюнча “аткезчилик” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erikkarakulja
2014-12-12 14:53:29
Аты жонун толук эле жазып койгулада
0
admin_superstan
2014-12-12 15:05:51
erikkarakulja, саламатсызбы!
Аты-жөнү тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн жашырылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан