Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги Спорт Ордосунда “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча мелдеш өтүп жатат. Мелдештин ачылыш аземине Каныбек Осмоналиев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болот Мотукеев, бир катар спорт ишмерлери, легендарлуу спортчунун жакындары, спортчулар жана күйөрмандар катышышты.
Мелдештин башкы калысы Бакыт Асаналиев SUPER.KG порталына билдиргендей, мелдеш 27-ирет уюшулуп жатат. Кыргызстанда бул спорт түрүн жайылтууга багытталган мелдешке 115 спортчу катышууда. 16 жаштан жогорку курактагы уландар арасында 8 категория (56 килограмм салмакта, 62 кг, 69 кг, 77 кг, 85 кг, 94 кг, 105 кг, 105 килограммдан жогорку салмакта) боюнча медалдар ойнотулмакчы. Ал эми кыз-келиндер 7 салмакта (48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 75 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашууда. “Мелдешке чакырылган курамалардан Тажикстан менен Өзбекстан шартка байланыштуу келе албай калды. Андыктан мелдеш Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын спортчуларынын катышуусунда өтүүдө”,- дейт калыс.