Жалал-Абад облусунда Аскер комиссариатынын кызмат адамы пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунда Аскер комиссариатынын кызмат адамы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган кызматкер жергиликтүү тургундун аскер билетин калыбына келтирүү үчүн акча талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кызматкер 3 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан