Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөнүн натыйжасыздыгынан улам Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынан кетти

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Айбек Ажыгулов кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ажыгулов кызматынан өз арызы менен кеткен.

Бирок өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары Ажыгуловдун кызматтан кетишине киши колдуу болуп каза тапкан Камила Дүйшөбаеванын ишин тергөөдөгү натыйжасыздык себеп болгонун ИИМдеги өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан.

Айта кетсек, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына жана Бишкек шаардык иштер башкы башкармалыгына тапшырылган.  

Эскерте кетсек, быйыл 10-мартта 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dadin2
2014-12-12 16:48:01
Жанагындай чон фамилиялар фигурировать этип журсо кеттида,кокус бийлик алмашып кетсе кийин кунолуулорду сокрывать этип жашырып жургонсун деп камалып кетпейин деген ой менен жэ куноолорун далилдеп ачыктап коюп олуп кетпейин деп.
+7
zezim2000
2014-12-12 17:07:36
Dadin2, туура айтасын ушундай фиолор турганда туура ,же ката чечим чыгаруудан корктуда
+1
tynara1983
2014-12-13 08:59:20
Тушунбой калдым Камила, Аида Салянованын иниси мене бир кун башта чогуу болсо, анан кандай Айбей Ажыгулов жумушунан кетет!!! Эмнеге Аида Салянованын иниси жумушунан кетпейт!!!!!!!!
+1
Begimkyz
2014-12-13 15:03:03
tynara1983, түшүнүктүү эле болуп турбайбы. Саляновдор кылмышты жаап жагырасын деген, ага Ажыгулов көнгөн эмес, анан жыйынтыгында өзү эле арыз жазып чыгып кеткен. Туура кылган Саляновду деп өмүрүн тобокелге салуунун кереги жок! Кудай бар Саляновдорго да, бир күнү силер да Кудай деп какшаарсыңар!
+3
Aysuluuwa
2014-12-13 23:33:49
Мен жанылыктардан артта калгам го.....Кандайча Камила Аида Салянованын иниси менен бир кун чогуу болгон?????кайдан таап окусам болот бул жонундо???
0
Aysuluuwa
2014-12-13 23:35:38
Урматтуу Супер инфо жана билгендер маалымат берип коюнуздарчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан