Кара-Суу районунда “агасы менен инисин сабап, агасынын бутуна бычак сайган” деп шектелгендердин бири кармалды

Кара-Суу районунда “агасы менен инисин сабап, агасынын бутуна бычак сайган” деп шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-декабрь күнү 1992-жылы туулган К.У. жана анын 1998-жылы туулган иниси К.Аны белгисиз 4-5 бала уруп, 1992-жылы туулган К.Унун бутуна 3 жолу бычак сайышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган С.Х. кармалган. Учурда калган балдарды кармоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
STARS-BOYS88
2014-12-13 19:08:57
Эмне талашты экен,бешиктен бели чыга элек немелер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан