Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын жактоочусу Нургазы Сыдыков Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун мурдагы жетекчиси Акылбек Байсаловдун өлүмү боюнча билдирүү таратты. Анда жактоочу Байсаловдун өлүмүнө Башкы прокуратураны айыптаган.
“Акылбек Байсалов тергөө ишинин одоно мыйзам бузуу, коркутуп зомбулук көргөзүү менен жүргөндүгүнө жооп кылып, өзүнүн ак жеринен күйүп, күнөөсүз айыпталып жаткандыгына чыдамы кетип, аргасыздан өз өмүрүн кыюуга барды деп эсептейм. Анын бейажал өлүмүнө түздөн-түз тергөөчүлөр жана аларды ошондой ыкма менен тергөө жүргүзүүгө түрткөн башкы прокурор Аида Салянованы көрөм” деп жазылат маалыматта.
Кечээ, 11-декабрь күнү Алтынбек Байсаловдун өз үйүндө асынып алганы айтылган.
Айта кетсек, буга чейин Урмат Аманбаевага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун жазган элек. Анда эл өкүлү Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз киреше алуу максатында топ түзгөнү жана анын карамагына аталган борбордун директору А.Б., ошол эле борбордогу дарыкананын башчысы Ф.Ш., “Б.” ишканасынын директору М.У. жана башка адамдар киргени айтылган.