Бүгүн, 12-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кыргыз күрөшү боюнча “Хан Кошой” деген аталыштагы эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. 248 балбандын катышуусундагы мелдеште 7 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Финалдык кармаштар курч мүнөздө өтүп, калыстардын ишине нааразы болгондор да болуп жатты. Финалдык беттештердин жыйынтыгында төмөнкү балбандар жеңүүчү аталышты:
55 килограмм салмакта: Малик Жээнбеков
60 килограмм салмакта: Эдилбек Турдубаев
66 килограмм салмакта: Ахмад Керимбеков
74 килограмм салмакта: Мирлан Эралиев
84 килограмм салмакта: Тариель Усенов
96 килограмм салмакта: Нурбек Кожобеков
96 килограммдан жогорку салмакта: Бекболсун Кушубаков