Бүгүн, 12-декабрда Улуттук китепканада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш аяктады. 6-декабрда старт алган мелдешке Кыргызстандан жана Казакстандан 240 спортчу катышып, уландар жана кыз-келиндер жекеликте күч сынашышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, уландар арасында 1-орунду казакстандык Абильбеков Батырхан мүмкүн болгон 13 упайдан 11 упай алуу менен багындырды. 2-орунду 10,5 упай менен кыргызстандык Жамакеев Анарбек, 3-орунду 10 упай менен казакстандык Мерешев Ернур ээледи. Кыз-келиндер арасында 13 упайдан 11 упай топтогон казакстандык Мухамбеткалиева Айым жеңүүчү аталды.