Ноябрда Бишкекте катардагы жоокерди тапанча менен атып алган лейтенант камакка алынды

2014-жылдын 22-ноябрында 97632-аскер бөлүгүндө лейтенант А.Турматов келишимдик кызматта иштеген жоокер Б.Көчөрбаевге ок чыгарып, жаракат алган жоокер ооруканага жетпей жан берген. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан бүгүн, 13-декабрда билдиришкендей, бул окуя боюнча Башкы штабдын 99718 жана 97632-аскер бөлүктөрүнүн жалпы кызматтык иш-аракеттерин текшерүү боюнча комиссиясынын жумушу аяктады.

Жыйынтыгында комиссия бул окуя командачылык тарабынан аскерлер кызматы менен аскер тартибин уюштуруудагы жетектөөчү документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн начар болгонунан, офицердик курам менен жекече тарбия иштеринин жоктугунан, алардын моралдык-психологиялык сапаттарын билбегендиктен улам келип чыккандыгын аныктады. 99718 жана 97632-аскер бөлүктөрүнүн жалпы кызматтык иш-аракеттерин текшерүү боюнча териштирүү комиссиясынын материалдары Аскер прокуратурасына жиберилди. Ошондой эле Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, лейтенант А.Турматов камакка алынды. Учурда териштирүүлөр жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bayas.07
2014-12-13 12:56:35
Түшүнүксүзго...?
0
Akmosha
2014-12-13 13:28:35
Камалсын да,ойноп отуруп эле атып таштаганы эмнеси.Бирок,биздин соттор эртен эле чыгарып жиберишет капчыктарын толтурушкандан кийин.Зээнин гана кейийит.
+3
Begimkyz
2014-12-13 14:55:29
Ошондо эле камаш керек болчу!
0
Deesmond
2014-12-13 15:26:08
Мм эрте камап койгон жокпу,
бир аз кое турбапсынар да, жаз бар куз бар дегендей
+5
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-13 15:26:56
97632де служба кылгандар барбы? 2006куз 2007куз гу призывтан мен служба кылган частко
0
kg.boys86
2014-12-15 03:18:56
KIPCHAK-KALMAK, откур брат сенби?
0
Savai80
2014-12-13 16:46:34
Эмне бул Кыргызстанда катардагы жоокерди атып салмай мода болуп кетиптир го. Ушуну менен 3-4 факты болду окшойт быйылкы жылы ушул менен. Баланды аскерге жоноткондон деле коркосун
+1
Asan_aksy
2014-12-13 17:25:35
97632 бул часть кудайбергендеги волкува кососундогубу Зенитный ракетный вайскавы .
0
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-13 18:08:14
Asan_aksy, Ооба Волкова кочосундо ЗРБ ПВО
0
kg.sity93
2014-12-14 16:51:06
Жон эле ойноп атпаса керек эле деп датам да.
0
Zara_KARA-KULJA
2014-12-14 20:42:19
Ушинтип кызматта журуп бирин бири атып жатса кантип барасын кызмат кылганы...дагы КТРдан Ата-Мекенге кызмат кылганы дайарсынбы дейт...эми жок!
0
Manasemetei
2014-12-15 07:40:52
kantraknikter jaw leitenanttardy toogotpoit.aitkanyn kylbait.kaira ustunon kuluwot.4ogulup kalsa 4ydabai atyp saldy da.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан