ИИМдин оперкызматкерлери ыкчам иликтөө учурунда алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Факт боюнча Ички иштер министрлиги буларды билдирди:
Ош шаарынын 1968-жылы туулган Б.Т. аттуу жашоочусу кылмышка шектелүүдө. Ал Жалал-Абад облусундагы ишкерлердин биринин ишеничине кирип, 2 миллион 400 миң рубль акчасын алгандан кийин из жашырып кеткен. Аны бир апта күткөндөн кийин ишкер милицияга кайрылган. Кылмышка шектүү кармалып, сурак берүүдө. Анын башка кылмыштарга катышы бардыгы же жоктугу да иликтенүүдө.