Бүгүн, 13-декабрда футбол боюнча Кыргызстан курамасы Кытайга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футболчулар атайын машыгуудан өтүп, беттешке даярданышты. Оюн Бишкек сааты боюнча 19:35те башталат.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курама командасы Кытай менен болчу жолдоштук беттешке чейин Таиландда 10 күн машыгуудан өттү.