Бишкекте 1,5 жаштагы кыздын башына күлтүк (горшок) кептелип калып, аны куткаруучулар чыгарып беришти. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-декабрда “161” куткаруу кызматына шаардын тургуну кайрылган. Ал анын 1,5 жаштагы кызы ойноп жатып башына күлтүк кийип алып, аны чыгара албай жатышканын айткан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар аны атайы шаймандардын жардамы менен чыгарып беришти.