Бишкекте 5-класстын окуучусунан акча талап кылган мектеп рэкети кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 36 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 5-класста окуган баласынан 6-класстын окуучусу 50 сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан иликтөө жүрүп, аталган бала 12 жаштагы Миражидин экени аныкталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.