Орусияда тартип бузуп кармалган 17 чет элдик жарандын арасында кыргызстандыктар да бар

Тюмень шаарында өткөрүлгөн “Эмигрант” оперативдик-профилактикалык иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын 17 жараны кармалды. Жалпысынан аймактагы чет элдик жарандар жашаган 37 жай текшерүүгө алынган. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Орусиянын ИИМинин “Тюмень” муниципалдык бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оперативдик-профилактикалык иш-чаранын алкагында 27 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен алтоо мас абалдагы жарандарга карата, жетөө Орусиянын аймагында жүрүүчү режимди бузгандарга карата, бир протокол курал-жаракты каттоонун убактысынан өткөргөн жаранга карата, ал эми калган протоколдор Орусиянын ИИМинин Мамлекеттик автоинспекциясы тарабынан түзүлдү.

Кармалган жарандарга карата Орусиянын Административдик укук бузуу кодексине ылайык чара көрүлөрү, мындан ары ушул сыяктуу иш-чаралар дайыма өткөрүлөрү айтылат маалыматта.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан