"Алманбет Анапияевдин кармалганы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт". Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда маалымат жыйыны учурунда жактоочу Жыргалбек Бабаев билдирди.
Анын айтымында, учурда Алманбет Анапияев эркиндикте. Аны болгону өздүгүн тактоо үчүн полиция бөлүмүнө чакырышкан. Ошондой эле Анапияев өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.
Айта кетсек, буга чейин бир канча берене боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн Алманбет Анапияев Бириккен Араб Эмираттарынан кармалганы тууралуу маалымат чыккан эле.