Бишкекте унаа уурдоого шектелип 19 жаштагы эки кыз кармалды

Борбор калаада “унаа уурдаган” деген шек менен эки кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Бекмурат аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар тарабынан Москва-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Арча-Бешиктин 19 жаштагы Б.Айгерим жана К.Нурай аттуу тургундары кармалды. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uulay
2014-12-15 12:49:30
Жараткан баарыбызга ыйман берсин.Жапжаш туруп атын булгап алышты да кыздар.
0
jaklin.kg
2014-12-15 13:08:37
ммм да.
0
altai86
2014-12-15 13:15:09
Бул кыздардын устундо бироолор бар ошолорду кармаш керек кыздар мындай ишке бара албайт болушу керек акча берип и корсоткон менин оюмча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан