"
Канжар Кадыралиев Куршабда эле кенен-кесири сайрандап жүрөт". Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда жабырлануучу
Келдибаевдердин үй-бүлөсү маалымат жыйынында билдирди.
"Биздин үй-бүлөбүздү карактаганына 4 ай болсо, Канжар Кадыралиевге кылмыш иши козголгонуна 2 айдын жүзү болду. Ал кайда, ким менен жүргөнүн элдин баары билет. Жалгыз эле милиция аны таппай жүрөбүз деп жатат",- дейт Уулкан Келдибаева.
Анын айтымына караганда, учурда Канжар Кадыралиев жабырлануучу тарапка телефон аркылуу чыгып, ишти жабууну өтүнүүдө. Ал өз сөзүндө кечирим сурап, асынып алышы мүмкүн экендигин айткан.