Ысык-Ата районунда “15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болгон” деген шек менен эки бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 15 жаштагы кыздын апасы кайрылган. Анда ал кызынын үйүнө келбегенин айтып, таап берүүнү өтүнгөн. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кыз үйүнө кайтарылган. Белгилүү болгондой, жашы жете элек кыз үйүнө келбеген түнү классташы менен эки баланын үйүндө болуп, алар менен жыныстык катнашта болушкан.
Учурда кылмышка шектүү катары 1993 жана 1995-жылы туулган эки бала кармалган. Бул боюнча “16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.