Панфилов районунда 32 жаштагы айымды тоноп, зордуктап кеткендер кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, күч органдарына 32 жаштагы айым кайрылган. Анда ал белгисиз 3 адам тоноп, алардын бири зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.