Ноябрь айында өлкө аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 43 килограмм 362 грамм баңгизат алынды. Бул тууралуу бүгүн, Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, алынган баңгизаттарынын арасында 34 килограмм 128 грамм прекурсорлор, 2 килограмм 239 грамм марихуана, 6 килограмм 885 грамм героин болгон. Ошондой эле бир ай аралыгында баңги каражаттарына байланышкан 14 кылмыш катталган.