Америкалык баскетболчу, «Лейкерс» клубунун оюнчусу Коби Брайант оюнда салган упайларынын саны боюнча легендарлуу баскетболчу Майкл Жордандан ашып түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Брайант «Миннесота Тимбервулвз» клубу менен болгон оюнда 26 упай салып, Улуттук баскетбол ассоциациясынын тарыхындагы эң көп упай салган баскетболчулардын алдынкы үчтүгүнө кирди. 36 жаштагы Брайанттын эсебинде 32 310 упай болсо, Майкл Жордан 32 292 упай салган эле. Коби Брайант карьерасында Майкл Жорданга катуу атаандашып, керек болсо №24-футболканы да тандап алган. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, М.Жордан №23-футболка менен ойноп келген.
Кошумчалай кетсек, бул жаатта рекорд ээлери болуп Карим Абдул-Жаббар (38 387 упай) менен Карл Мэлоун (36 928 упай) саналат.