Бишкекте "коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чөнтөк телефондорун уурдап жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чөнтөк телефондорун уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Алмазбек аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал сентябрь айында маршруттук унаадан Самсунг үлгүсүндөгү телефонун уурдатканы айтылган. Ошондой эле милицияга 21 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал ноябрь айында Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде уюлдук телефонун уурдаткандыгын билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ш.Данияр аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда кылмышка шектүү жаран дагы 3 уюлдук телефон уурдоо фактысына катыштыгы бар деп шектелүүдө. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери улантылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
edu.kg
2014-12-15 19:20:28
Колдорун тубунон кесип салыш керек ошолордун. Алты саны аман куч кубаттуу адамдын ушундай адамдардын чонтогун оодарып женил тамак менен айналышып жургондор тушунуксуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан