Жалал-Абаддагы "Жылуулук камсыздоо" бирикмесинин кызматкерлери тарабынан өздөштүрүлгөн 1,5 миллион сом кайтарылды

Жалал-Абад облусундагы "Жылуулук камсыздоо" райондор аралык өндүрүш бирикмесинин кызматкерлери боюнча тергөө аяктап, кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр жалган каржы-бухгалтердик документтерди түзүп, 1 583 059 сомду өзүмдүк кылып алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө бул көлөмдөгү сумма толугу менен кайтарылган. Учурда кылмыш иши соттук кароодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан