Баткенде жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-декабрь күнү Кадамжай районунун Халмион айылында болгон. Анда 20 жаштагы айдоочу рулду башкара албай, унаасы жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен унаанын айдоочусу каза тапкан.