“Адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталып, 2013-жылдын март айынан бери эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Ал өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 18-январында Кара-Балта шаарында Кипиш каймана атка ээ 29 жаштагы "кримтөбөл" Урмат Садабаевдин жансыз денеси табылган. Ал бетине тийген эки октон улам каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 1984-жылы туулган А.К. кылмышка шектелген. Учурда ал Бишкек шаарында кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.