Нарын облусунда күчү 3-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Ак-Талаа айылынан 45 чакырым түндүк-чыгышта орун алган. Жердин силкинүүсү Дөрбөлжүн, Учкун, Куланак айылдарында 2-3 балл, Ак-Талаа айылында 2 баллга чейин сезилди.