Талас шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 11 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда куткаруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 15-декабрь күнү Талас шаарында болгон. Анда 5 кабаттуу үйдүн 3-кабатында өрт чыккан. Анын кесепетинен эки бөлмөлүү батир толугу менен күйгөн. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Ошондой эле 11 адам эвакуацияланган.