Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Боз-Бөлтөк капчыгайынан 2 айдан бери дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Зарипбек Мадаловдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Зарипбек Мадалов 13-октябрдан бери дайынсыз болуп, Аламүдүн РИИБи тарабынан изделип жаткан.
“Бала жолдон далдоо жерде асынган абалда кечээ саат 16:00 чамасында табылды. Анын денеси соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Бүгүн анын жыйынтыгы чыгат”,- деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Белгилүү болгондой, Зарипбек Мадалов Жалал-Абаддын тургуну, ал Сокулукта агасы менен жашачу.