Таласта өлгөн адамдарга пенсия чегерилгени боюнча кылмыш иши козголду

Талас райондук социалдык фондунун жана райондук почтанын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-2014-жылдар аралыгында Талас райондук социалдык фонддун пенсия төлөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн адистери С.И., С.Г. жана “Кыргыз почтасы” ишканасынын Талас райондук филиалынын кызматкери А.Т. пайда көрүү максатында өз ара сүйлөшүп алышып, каза тапкан адамдар үчүн пенсия алып келишкен. Алсак, 2012-жылдын 6-июнунда каза тапкан Бейшенбек Атабековго 2014-жылдын сентябрь айына чейин 106 миң сом пенсия чегерилген. Ошондой эле 2013-жылдын 13-февралында каза болгон Болот Жолдошбековдун өлүмүн жашырышып, анын пенсиясы үчүн деп 116 миң сом акча каражатын алышкан. Мунун кесепетинен мамлекетке чоң суммадагы зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан