Ошто “Барсбек” монументалдык комплекси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2011-жылы Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен “Темирстройсервис” ишканасынын ортосунда 7 миллион 48 миң сомго “Барсбек каган” монументалдык комплексин куруу боюнча келишим түзүлгөн. Кийин келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, дагы 4 миллион сом кошулган. Эсептөө палатасы жүргүзгөн текшерүүгө ылайык, аткарылган жумуштардын көлөмү жогорулатылган. Мунун кесепетинен мамлекет 1 миллион сомдон ашык зыян тарткан.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.