Украиналык мушкер, WBA, IBF жана WBO версиялары боюнча Дүйнө чемпиону Владимир Кличко жана анын жубайы, америкалык актриса Хайден Панеттьер жаңы төрөлгөн кызына Кайя Евдокия аттуу ысым ыйгарышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда жарыкка келген мушкердин кызы 3,5 килограмм салмакта төрөлгөн. Ал эми ымыркайдын боюнун 50 сантиметр болгону ата-энесин кубантууда. Себеби бул 198 сантиметр келген Кличко менен 155 сантиметр келген Хайденди ымыркай күтүп жаткандагы түйшөлткөн маселелердин бири болгон.