Балбан, грек-рим күрөшү боюнча “Бээжин-2008” Олимпиадасында 3-орунду ээлеген Руслан Түмөнбаев Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка аталган борбордун директору Үсөнкан Майназаров кол коюп, Р.Түмөнбаев эмгек жамаатка тааныштырылды. К.Эргешов Русландын бул кызматка дайындалганын ата мекендик спорт жаш адистерге муктаж болуп жатканы менен түшүндүрдү. Буга чейин бул кызматты Талант Беккулов ээлеп келген.