Белгилүү франциялык футболчу Тьерри Анри карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футболчу 2015-жылдын январь айынан тарта ири телеканалдардын биринде журналисттик кызматты аркаламакчы. 37 жаштагы Анринин акыркы клубу америкалык “Нью-Йорк Ред Буллз” командасы болду.
Кошумчалай кетсек, Т.Анри Франция курамасы менен 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Европа чемпиондугун утуп алган. Ал 1999-жылдан 2007-жылга чейин лондондук "Арсенал" клубунун курамында болуп, 228 гол киргизген. Ошондой эле 2 ирет Англия Премьер-лигасын утуп алган.