Бишкекте Лексустун айдоочусу эшигин ачканда троллейбуска тийип кеткен. Бул тууралуу окуяга күбө болгон Алтынбек Токтомамбетов интернеттеги өз баракчасында жарыялады.
"Кечээ, 15-декабрда саат 14:00 чамасында №11-троллейбуста Тынчтык кең көчөсү менен түндүк тарапка жөнөп жатканбыз. Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратынын алдында токтотулган Лексустун айдоочусу эшигин ачканда троллейбуска тийип кеткен. Унаа экинчи катарда жайгашса да, анын ээси троллейбустун айдоочусун күнөөлөй баштаган. Троллейбустун бечара айдоочусу күбөлөрдөн кол топтоп жүргөн. Эгер ал Лексусту оңдоп берсе, адилетсиз болот",- деп жазат Токтомамбетов.