Токмокто “соода күркөсүн тоногон” деген шек менен 3 өспүрүм кармалды

Токмок шаарында милиция кызматкерлери тарабынан соода күркөлөрүн тоноого шектелген 3 мектеп окуучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен октябрь айынын соңунда 72 жаштагы Токмоктун тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар түн ичинде анын соода күркөсүнүн эшигин бузуп, бир күндүк кирешесин жана азык-түлүктөрүн уурдап кеткенин айткан. Кылмышка шектүү катары жергиликтүү жалпы билим берүүчү мектептин 15-16 жаш курагындагы окуучулары кармалган. Учурда аларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан